ОШ ШААРЫНЫН «ИЙГИЛИКТҮҮ ККМ ЧЕК – ОШ!» КЫЗЫКТЫРУУЧУ ЛОТЕРЕЯСЫН ӨТКӨРҮҮДӨГҮ КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫ
1. Киришүү
1.1. Бул Купуялуулук саясаты Ош шаарынын «Ийгиликтүү ККМ чек – Ош!» кызыктыруучу лотереясынын (мындан ары – Лотерея) катышуучуларынын аны өткөрүүнүн алкагында алынган жеке маалыматтарын пайдалануу эрежелерин билдирет.
1.2. «Салык чек» мобилдик тиркемесин пайдалануу аркылуу Лотереяга катышуу менен Катышуучу ушул Купуялуулук саясатына жана Катышуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу шарттарына макулдугун берет.
1.3. Бул Купуялуулук саясаты «Салык чек» мобилдик тиркемесине гана карата колдонулат.
1.4. Катышуучу «Салык чек» мобилдик тиркемесине катталууда Лотереяны өткөрүү максаттары үчүн маалыматтарды, анын ичинде Лотереянын Уюштуруучусу жана Оператору тарабынан иштеп чыгыла турган жеке маалыматтарды өз ыктыяры менен берет.
1.5. Лотереянын оператору Катышуучу тарабынан «Салык чек» мобилдик тиркемесине катталууда берилген жеке маалыматтардын аныктыгын текшербейт.
2. Купуялуулук саясатынын предмети
2.1. Бул Купуялуулук саясаты Катышуучу «Салык чек» мобилдик тиркемесине катталууда берген жеке маалыматтардын купуялуулугун ачыкка чыгарбоо жана коргоо режимин камсыз кылуу боюнча Лотереянын Операторунун милдеттенмелерин белгилейт.
2.2. Бул Купуялуулук саясатынын алкагында иштеп чыгууга уруксат берилген жеке маалыматтар Катышуучу тарабынан каттоо формасын толтуруу аркылуу берилет жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- 2.2.1. Катышуучунун ИННи (ПИН);
- 2.2.2. Катышуучунун байланыш телефону;
2.3. Лотереянын оператору Лотереяны өткөрүү аймагы жөнүндө талаптарды сактоонун алкагында өз Катышуучуларынын геолокациясы тууралуу маалыматтарды жыйнайт.
2.4. Жогоруда каралбаган башка ар кандай жеке маалыматтар (пайдаланылуучу браузерлер жана операциялык системалар ж.б.) ишенимдүү сакталууга тийиш жана жайылтылбайт.
3. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун ыкмалары жана мөөнөттөрү
3.1. Катышуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу бардык мыйзамдуу ыкма менен, анын ичинде автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен же мындай каражаттарды пайдалануусуз жеке маалыматтардын маалыматтык системаларында жүзөгө ашырылат.
3.2. Катышуучунун жеке маалыматтары Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздерде жана тартипте гана берилиши мүмкүн.
3.3. Лотереянын Уюштуруучусу жана Оператору Катышуучунун жеке маалыматтарын мыйзамсыз же кокустан кирүү мүмкүнчүлүгүнөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле үчүнчү жактардын башка мыйзамсыз аракеттеринен коргоо үчүн зарыл болгон уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрүшөт.
4. Жеке маалыматтарды жыйноонун максаттары
4.1. Лотереянын Уюштуруучусу жана Оператору Катышуучунун жеке маалыматтарын төмөнкү максаттарда пайдалана алат:
- 4.1.1. «Салык чек» мобилдик тиркемесинде катталган Катышуучуну Кыргыз Республикасынын «Лотереялар жөнүндө» Мыйзамына ылайык талаптарды сактоо бөлүгүндө идентификациялоо.
- 4.1.2. Катышуучу менен кайра байланыш түзүү, анын ичинде «Салык чек» мобилдик тиркемесин пайдаланууга тиешелүү билдирүүлөрдү, суроо-талаптарды жөнөтүү.
- 4.1.3. Катышуучу тарабынан берилген жеке маалыматтардын аныктыгын жана толуктугун ырастоо.
- 4.1.4. «Салык чек» мобилдик тиркемесин пайдаланууга байланыштуу көйгөйлөр келип чыкканда Катышуучуга техникалык колдоо көрсөтүү.
- 4.1.5. Катышуучуга анын макулдугу менен атайын сунуштарды, жаңылыктарды таратууну жана Лотереянын Уюштуруучусунун жана Операторунун атынан башка маалыматтарды берүү.
- 4.1.6. Ош шаарынын «ККМдүн ийгиликтүү чеги – Ош!» кызыктыруучу лотереясын өткөрүүнүн талаптарына жана шарттарына шайкештигине маалыматтарды талдоо.
- 4.1.7. Катышуучунун макулдугу менен жарнамалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу.
5. Кошумча шарттар
5.1. Лотереянын Уюштуруучусу жана Оператору Катышуучунун кошумча макулдугу менен Лотереяга катышуу жөнүндө, анын ичинде радио жана телевидение үчүн, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн жарнамалык интервьюларды ала алышат, же болбосо бул үчүн кандайдыр бир сыйлык төлөбөстөн, ар түрдүү жарнамалык материалдарды даярдоо үчүн катышуучуну тартууга укуктуу. Бул учурда өзгөчө укуктардын объекттерине келип чыгуучу бардык автордук укуктар (кайра чыгарууга, жайылтууга, эл алдында көрсөтүүгө, эл алдында аткарууга, эфирге берүүгө, кабель боюнча жалпыга маалымдоо үчүн билдирүүгө, которууга жана кайра иштетүүгө) Лотереянын Уюштуруучусуна жана Операторуна таандык болот.