Жалал-абад шаардык лотереяснын максаты
Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан лотереянын негизги максаты-кассалык аппаратты колдонуу менен салык субьктилерине элдик көзөмөлдү мобилизациялоо аркылуу шаар тургундарынын салык сабаттуулугун жогорулатуу жана көмүскө экономика секторун азайтуу.
Калкка акчалай төлөмдөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуунун социалдык-экономикалык мааниси жөнүндө коомдук пикирди өз убагында жана туура калыптандыруу, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр катары өз кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча жарандардын укуктук маданиятын өнүктүрөт.
Контролдук-кассалык машиналарды колдонууга карата салык мыйзамдарынын талаптарын бузган салык субьекттерин аныктоо контролдук-кассалык машиналарды колдонуу тартибин сактоо боюнча салыктык тартипти жогорулатат.
Накталай төлөмдөрдү жүргүзүүдө кассалык машинанын квитанциясын талап кылуу боюнча жарандык активдүүлүктүн өнүгүшү мыйзамсыз бизнеске каршы күрөштү күчөтөт.
Бардык чаралар биригип өлкөбүздүн өнүгүшүнө жол ачат!
Лотерея ойнотуу эрежелери
Лотереянын катышуучусу жеке адам/керектөөчү, товарларды, кызматтарды жеке муктаждыктары үчүн сатып алган жана 18 жашка толгон Жалал-Абад шаарынын тургуну болуп саналат.
Лотереянын катышуучусу лотереянын шарттарынын талаптарына ылайыктыгын анализдөө үчүн лотереяны уюштуруучу жана оператор тарабынан өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө жана аларды пайдаланууга, ошондой эле Уюштуруучудан жана Оператордон лотереяга тиешелүү корреспонденцияны (СМС, электрондук билдирүү) алууга макулдук берет.
Бир жолу утуп алган катышуучу Жалал-Абад шаардык лотереясынын кийинки оюнуна катышуу укугунан ажырайт. Бул чектөө катышуучулардын эң көп санда утуп алуу мумкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында киргизилген.
Ыйгарым укуктуу салык органынын базасына келип түшкөндүгү жөнүндө ырастама алган (кабыл алынган статуска ээ болгон) сканерленген контролдук-кассалык чектердин суммалары 1000 сом = 1 ID, номер эсеби менен так ID номерине алмаштырылат.
Уюштуруучу жана лотереянын оператору лотереянын катышуучусу берген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
20-октябрь саат 12:00дөн баштап Жалал-Абад шаардык лотереясына ID номерлерди берүү токтотулат.
Бул күндөрү кассалык дүмүрчөктөр сканерден өткөрүлөт.
Эгерде катышуучу өз алдынча утуш алуу үчүн лотереяга катышуу үчүн ири суммадагы акча которгон болсо, уюштуруучу эч кандай жоопкерчилик тартпайт.
Уюштуруучунун жана лотерея операторунун кызматкерлерине лотереянын тираждарына катышууга тыюу салынат.
Лотереяны өткөрүүгө жана анын жыйынтыктарына карата даттануулар жана дооматтар тиешелүү тираждын жыйынтыгы аныкталган күндөн тартып 3 (үч) календардык күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Лотереяга жана анын натыйжаларына карата суроо-талаптарды жана дооматтарды кароо мөөнөтү алар келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндү түзөт.
Кантип лотереянын катышуучусу боло алат
Play Market жана AppStore тиркемелери аркылуу «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, купиялык саясатына негизделип лотереянын шарттарына макулдук бериңиз.
Каттоо жана авторизациялоо процедурасынан өтүү керек (ПИН-кодуңузду, «Салык чек» тиркемеси орнотулган телефон номериңизди көрсөтүнүз, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын тандаңыз, сыр соөздү коюңуз).
Андан кийин, товарларды/кызматтарды сатып алынган кассалык чектин кодун сканерлөө үчүн «Салык чек» тиркемесинин сканерин колдонуңуз.
Лотереяга катышуу шарттары
Лотореяга катышуунун зарыл шарты болуп катышуучунун лотореянын шарттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамыдарынын талаптарын сактоосу саналат.
ККМ контролдук-кассалык машинасынын квитанциялары сканерден/каттоодон өтүүгө тийиш-фискалдык модул менен иштөө, техникалык талаптарга жооп берген, ККМ реестрине киргизилген, ыйгарым укуктуу салык органынын ККМ башкаруу системасында катталган.
"Сатуу" операциясынын түрү менен гана контролдук-кассалык чектер сканерленүүгө/катталууга тийиш.
Кызмат көрсөтүүлөр үчүн берилген квитанциялар контролдук-кассалык машина аркылуу сканерлөөгө/каттоого жатпайт.
- -алмашуу бюролору;
- -күрөөканалар;
- -жеке нотариустар жана адвокаттар;
- -авиа жана поезд билеттерин сатуу;
- –виртуалдык активдерди сатуу;
- -кумар оюндарын жана букмекердик оюндарды уюштуруу, ошондой эле уюлдук операторлор тарабынан балансты жана аныкталган мобилдик капчыктарды (товарларды сатуудан башка) толтуруу үчүн берилген кассалык квитанцияларды.
Чарба жүргүзүүчү субьекттин өзү же анын кызматкерлери, же бул контролдук-кассалык машина катталган субьекттин жетекчиси тарабынан контролдук-кассалык машинанын квитанцияларын сканерден өткөрүүгө/каттоого тыюу салынат.
Топтолгон ID номерлери башка адамга берилбейт.
Эгерде аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз адам жеңүүчү деп табылса, анын атынан утуштарды алуу укугу анын мыйзамдуу өкүлүнө (көзөмөлчүсүнө) берилет.
Катышуучу бул шарттарды бузганы аныкталса, анын мындан аркы катышуусу жокко чыгарылат. Бардык тираждар видеокамерага жазылат.
Лотерея системасы кантип иштейт
Сканерленген контролдук-кассалык чектер ыйгарым укуктуу салык органынын базасына автоматтык түрдө келип түшкөндүгүн текшерүүдөн өтөт.
Лотерея системасы тарабынан контролдук-кассалык чек ыйгарым укуктуу салык органынын базасында аныкталбаган учурда аны 24 саат өткөндөн кийин кайталап сканерлөө зарыл.
Эгерде 24 сааттан кийин лотерея системасы сканерден өткөн кассалык чекти таппаса, катышуучу “Салык Чек” тиркемесинин жардамы менен тиешелүү даттанууну түзүп, жөнөтө алат.
Кол менен жазуу жолу менен катталган кассалык чектер ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат базасына келип түшкөндүгү үчүн автоматтык түрдө текшерилет.
Жеңүүчү ID номурлар онлайн кокустук сандардын генератору – рандомизация системасы аркылуу аныкталат, ал Интернетте жалпыга жеткиликтүү.
Сүрөттөмө: Кокус система (онлайн чиймелерди жүргүзүү кызматы) тандап алуу ыкмасын колдонуу менен берилген диапазондогу кокус сандарды түзүүгө жөндөмдүү.
Бирок, алдын ала түзүлгөн сандарды коюунун жолу жок. Сандар атайын аппараттык түзүлүш же алгоритм тарабынан алдын ала жыйынтык чыгарууга мүмкүн болбогондой кылып түзүлөт.
Утуштун белгилүү бир номерге түшүшү кокустуктун гана иши болуп саналат жана аны эч ким жөндөй албайт/эсептей албайт.
Лотереяда лотерея башталганга чейин чүчүкулактын жыйынтыгын алдын ала аныктоо жол-жоболору жана алгоритмдер колдонулбайт.
Уткан номерлер утуш оюну учурунда бөгөттөлөт.
Лотереяны өткөрүү мезгили
Лотерея 2023-жылдын 21-октябрында ойнотулат.
Оюнда 129 байге ойнотулат:
- - 100 000 сомго акчалай сертификат – 1 даана;
- - 50 000 сомго акчалай сертификат – 3 даана;
- - 10 000 сомго акчалай сертификат – 25 даана;
- - 5000 сомго акчалай сертификат – 100 даана.
Жеңүүчүлөрдү аныктоо процессин көз карандысыз комиссия көзөмөлдөп, Мамлекеттик салык кызматынын, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Жеңүүчүлөрдү аныктоо процессин көз карандысыз комиссия көзөмөлдөйт.
Эгерде утуштар утуштун жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып үч айдын ичинде жеңүүчү тарабынан талап кылынбай калса, анда алар уюштуруучуга кайтарылып берилиши керек.
Оюндун жыйынтыгын кантип билсе болот
Ар бир тираждын жыйынтыгы уюштуруучунун расмий сайтында жарыяланат.
Утуштарды алууда
Ар бир утуш үчүн сертификат берилет.
Сертификаттарды тапшыруу уюштуруучу тарабынан комиссия лотереянын тиешелүү тиражынын жыйынтыгы жөнүндө протоколду тапшыргандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жүзөгө ашырылат.
Утуштарды алуу үчүн жеңүүчү өздүгүн тастыктаган документти көрсөтүшү керек.
Жеңүүчүгө утуштар ушул шарттарда көрсөтүлгөн формада берилет.
Утуштарды алууда жеңүүчүнүн таламдарын анын ыйгарым укуктарынын тиешелүү тизмесин камтыган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде аракеттенүүчү өкүлү көрсөтө алат.
Утуштарды алгандан кийин жеңүүчү тиешелүү милдеттенмеге жана утуштарды өткөрүп берүү жөнүндө күбөлүккө кол коет.
Утуштарды алууга байланышкан бардык чыгымдарды жеңүүчү көтөрөт.
Жеңүүчү төмөнкү учурларда утуштарды алуу укугунан ажырайт:
- - ар бир конкреттүү тираж боюнча жыйынтыктар расмий жарыяланган күндөн тартып 3 айдын ичинде утуштарды алуу үчүн уюштуруучуга кайрылбоо;
- - утуштарды алуу үчүн зарыл болгон төлөмдөрдү жүргүзүүдөн баш тартуу (утуп алган мүлктү андан ары күтүү үчүн зарыл болгон төлөмдү тариздөө);
- - эгерде ал лотерея шарттарынын талаптарына жооп бербесе;
- - эгерде жеңүүчүнүн лотереяга катышуу эрежелерин сактоосун текшерүүдө лотереянын шарттары бузулгандыгы аныкталса.
Утуштар лотереянын акыркы жыйынтыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде берилиши керек.
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 191-беренесине ылайык, накталай төлөмдөрдү жүргүзүүдө жарандарды контролдук-кассалык машинанын квитанциясын талап кылууга шыктандырууга багытталган кызыктыруучу лотереяга/акцияга катышуудан алынган утуштардан киреше салыгы салынбайт.
Форс-мажор
Форс-мажор – уюштуруучунун эркине көз каранды болбогон, бирок анын милдеттенмелерин аткарууга мүмкүн болбогон күтүүсүз окуя.
Уюштуруучу эгерде бул аткарбоо ал жеткис күчтөрдүн, атап айтканда: бөөдө кырсыктар, өрттүн чыгышы, согуш аракеттеринин, тартипсиздиктердин, пандемиялардын жана эпидемиялардын, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын милдеттенмелерди аткарууну кыйындаткан ченемдик актыларынын кесепетинен болгондугун далилдей алса, ушул Шарттар боюнча милдеттенмелерин толук