«Чек талап кылып -
байге утуп ал!»

Лотереясына катыш

Чек канчалык көп болсо, баалуу байге утуп алуу мүмкүндүгү да жогору!

картинка

6424 Колдонуучулардын саны

96868 ID номерлердин саны

98 861 536,310сом Cканерден өткөн чектердин суммасы

298 Байге

2023-жылы чек талап кылып, байге утуп ал!

2023-жылдын 23-мартынан тартып 2376 баалуу белектен турган байге фондусу менен “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы өтүүдө. Лотереяга катышуу, утуп алган байгелерди алуу – АКЫСЫЗ!

Кызыктыруучу лотерея — элдин салык маданиятын жогорулатууга, экономиканын жеке секторуна көзөмөлдү мобилизациялоого, кассалык чектерди берүү жана алуу адатын бекемдөөгө багытталган иш-чара, ошону менен бирге баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү.

Лотереяга жигердүү катышуу – өлкөнүн өсүп келе жаткан муунун патриоттук жактан тарбиялоо үчүн өбөлгө болуп саналат, өлкөнүн салык мыйзамдарын сактоону адатка айлантуу абдан маанилүү.

Эгерде сиз 18 жаштан жогору болсоңуз, сиз Кыргыз Республикасынын аймагындагы товарлардын жана кызматтардын керектөөчүсү болсоңуз жана баалуу байгени утуп алууну кааласаңыз, анда “Салык чек” тиркемесин жүктөп алыңыз, ар бир сатып алуудан алган кассалык чектин бетиндеги QR кодун сканерлеңиз.

Кассалык чек – бул сиздин керектөөчү катары укугуңузду коргогон документ.

Лотерея 2023-жылдын аягына чейин өтөт.

Лотереянын биринчи этабы 2023-жылдын 1-июлунда аяктады.

Экинчи этаптын утуш оюндары 2023-жылдын 25-декабрында башталат.

Кассалык чектерди талап кылыңыз, баалуу байгенин ээси болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатыңыз.

Сканерленген чектердин чогулган 1000 сомго 1 ID-номер ыйгарылат.

Бардык катышуучулардын мүмкүнчүлүгү бирдей.

Кассалык чектерди талап кылыңыз, лотереяга катышыңыз – байге утуп алыңыз!


бул жерде - Лотереянын шарттары менен танышуу

Өнөктөштөр

Маалыматтык өнөктөштөр