Жалал-абад шаарында “чек талап кыл- байге утуп ал!” Дем берүүчү лотореясын өткөрүүдөгү купуялык саясат
1. КИРИШҮҮ

1.1. Купуялык саясат бул Жалал-Абад шаарынын кызыктыруучу лотореясынын катышуучуларынын аны өткөрүүнүн алкагында алынган "чек талап кыл – байге утуп ал" (мындан ары - Лотерея) жеке маалыматтарды пайдалануу эрежелери.

1.2. Катышуучу "Салык чек" мобилдик тиркемесин колдонуп лотореяга катышуу менен ушул купуялык саясатына жана катышуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу Шарттарына макул болот.

1.3. Бул Купуялык саясат "Салык чек" мобилдик тиркемесине гана тиешелүү.

1.4. Катышуучу "Салык чек" мобилдик тиркемесине катталууда өз ыктыяры менен лотереяны өткөрүү үчүн маалыматтарды, анын ичинде лотереяны уюштуруучу жана оператор тарабынан иштелип чыгуучу жеке маалыматтарды берет.

1.5. Лотереянын оператору "Салык чек" мобилдик тиркемесине каттоодо Катышуучу тарабынан берилген жеке маалыматтардын аныктыгын текшербейт.

2. Купуялык саясаты

2.1. Купуялык саясаты катышуучуну "Салык чек" мобилдик тиркемесине каттоо учурунда берген жеке маалыматтарынын купуялуулугун коргоо режимин камсыз кылуу жана ачыкка чыгарбоо боюнча лотерея операторунун милдеттенмелерин белгилейт.

2.2. Ушул купуялык саясаты алкагында иштеп чыгууга уруксат берилген жеке маалыматтар катышуучуга каттоо формасын толтуруу жолу менен берилет жана өзүнө төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

2.3. Лотереянын оператору лотереяны өткөрүү аймагы жөнүндө талаптарды сактоонун алкагында өзүнүн катышуучуларынын геолокациясы жөнүндө маалыматтарды чогултууну жүзөгө ашырат.

2.4. Жогоруда айтылбаган ар кандай башка жеке маалыматтар (пайдаланылуучу браузерлер жана операциялык системалар ж.б.) ишенимдүү сакталууга жана таркатылбоого тийиш.

3. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖОЛДОРУ ЖАНА МӨӨНӨТҮ

3.1. Катышуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу кандай гана болбосун мыйзамдуу ыкма менен, анын ичинде жеке маалыматтардын маалыматтык системаларында автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен же мындай каражаттарды колдонбостон жүзөгө ашырылат.

3.2. Катышуучунун жеке маалыматтары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин ыйгарым укуктуу органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздер боюнча жана белгиленген тартипте гана берилиши мүмкүн.

3.3. Лотереянын уюштуруучусу жана оператору катышуучунун жеке маалыматтарын укуктук ченемсиз же кокусунан алуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, тосмолоодон, көчүрүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле үчүнчү жактардын укуктук ченемсиз башка аракеттеринен коргоо үчүн зарыл болгон уюштуруу жана техникалык чараларды көрөт.

4. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ЖЫЙНОО МАКСАТЫ

4.1. Лотереянын уюштуруучусу жана оператору катышуучунун жеке маалыматтарын:

5. КОШУМЧА ШАРТТАР

5.1. Лотереянын уюштуруучусу жана оператору Катышуучунун кошумча макулдугу менен акыркылардан лотереяга катышуу жөнүндө, анын ичинде радио жана телекөрсөтүү үчүн, ошого тете башка жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн жарнамалык интервью ала алат, же ал үчүн кандайдыр бир сый акы төлөбөстөн жарнамалык материалдарды даярдоо үчүн катышуучуну ала алат. Мында өзгөчө укуктардын объекттерине (кайра чыгарууга, таратууга, эл алдында көрсөтүүгө, эл алдында аткарууга, эфирге берүүгө, кабель боюнча жалпы маалымат үчүн билдирүүгө, которууга жана кайра иштеп чыгууга) келип чыккан бардык автордук укуктар лотереянын уюштуруучусуна жана операторуна таандык болот.