Лотереянын максаты жана милдеттери
Лотереянын милдети – Ош шаарынын аймагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө жарандарды ККМ контролдук-кассалык чектерин талап кылууга кызыктыруу.
Лотереянын максаттары:
- - Ош шаарынын калкынын жарандык активдүүлүгүн өнүктүрүү жана салыктык сабаттуулугун жогорулатуу;
- - ишкердик субъекттеринин салык мыйзамдарын сактоосуна коомдук көзөмөлдү күчөтүү;
- - ККМ колдонуунун социалдык-экономикалык мааниси жөнүндө коомдук пикирди калыптандыруу;
- - керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу;
- - салык төлөөчүлөрдүн салыктык тартибин жогорулатуу;
- - көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу;
- - ККМ колдонуу боюнча мыйзам талаптарын системалуу түрдө бузган ишкердик субъекттерин аныктоо;
- - ККМ колдонуу жана контролдук-кассалык чектерди берүү тартибин сактоону күчөтүү;
- - ККМ колдонгон ишкердик субъекттеринин ортосунда ак ниет атаандаштыкты кызыктыруу.
Лотереяга кантип катышуу керек:
Лотереяга катышуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- - «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алуу;
- - каттоодон жана авторизациядан өтүү;
- - ПИНди жана телефон номерин көрсөтүү;
- - иш жүзүндө жашаган регионду/районду тандоо;
- - ушул шарттар жана купуялуулук саясаты менен таанышып, макулдук берүү;
- - товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү сатып алууда ККМ-чекти талап кылуу;
- - «Салык чек» тиркемеси аркылуу ККМ-чектин QR-кодун сканерлөө;
- - QR-кодду сканерлөө мүмкүн болбогон учурда ККМ-чектин реквизиттерин кол менен киргизүү функциясын колдонуу.
Лотереяга катышуу эрежелери
Лотереянын катышуучусу 18 жашка толгон, Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасында мыйзамдуу негизде жашоого укугу бар жана ушул шарттардын талаптарына жооп берген жеке жак болушу мүмкүн.
Катышуучу – товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү жеке, үй-бүлөлүк, тиричилик жана ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган башка муктаждыктар үчүн сатып алган жеке жак – керектөөчү.
Ош шаарынын аймагында иш жүргүзгөн жана Ош шаары боюнча тиешелүү аймактык салык органында катталган ишкердик субъекттери белгиленген талаптарга ылайык берген ККМ-чектери каттоого алынат.
Фискалдык модуль менен иштеген, белгиленген техникалык талаптарга жооп берген, тиешелүү ККМ реестрине киргизилген жана ыйгарым укуктуу салык органынын ККМ башкаруу системасында катталган ККМ тарабынан түзүлгөн чектер каттоого алынат.
Төмөнкү операция түрүндөгү ККМ-чектери каттоого алынат:
- - «Сатуу».
Төмөнкү операция түрүндөгү ККМ-чектери каттоого алынбайт:
- - «Сатып алуу»;
- - «Сатууну кайтаруу»;
- - «Сатып алууну кайтаруу»;
- - «Алдын ала төлөм»;
- - «Кийинки төлөм».
Төмөнкүлөр үчүн берилген ККМ-чектери каттоого алынбайт:
- - акча алмаштыруу бюролорунун кызмат көрсөтүүлөрү;
- - күрөөканалардын кызмат көрсөтүүлөрү;
- - жеке нотариустардын жана адвокаттардын кызмат көрсөтүүлөрү;
- - авиабилеттерди жана темир жол билеттерин сатуу;
- - виртуалдык активдерди сатуу;
- - кумар оюндарын уюштуруу жана мелдештерди өткөрүү;
- - уюлдук/мобилдик байланыш операторлору тарабынан балансты жана идентификацияланган мобилдик капчыктарды толуктоо, товарларды сатуудан тышкары.
Тиешелүү ККМ катталган ишкердик субъектиге, анын жетекчисине, кызматкерлерине же ушул ишкердик субъектинин кызыкчылыгында аракеттенген башка адамдарга тиешелүү ККМ-чекти каттоого тыюу салынат.
Катталган ККМ-чектери алар жөнүндө маалыматтын ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык базасына келип түшкөндүгү боюнча автоматтык текшерүүдөн өтөт.
Эгер ККМ-чек Лотереянын системасы тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын базасынан табылбаса, катышуучу 24 саат өткөндөн кийин ККМ-чекти кайра каттоого тийиш.
Эгер 24 саат өткөндөн кийин ККМ-чек система тарабынан ырасталбаса, катышуучу «Салык чек» мобилдик тиркемеси аркылуу тиешелүү кайрылууну (даттанууну) түзүп, жөнөтүүгө укуктуу.
Маалыматтары кол менен киргизүү аркылуу катталган ККМ-чектери тиешелүү маалыматтын ыйгарым укуктуу салык органынын базасына келип түшкөндүгү боюнча автоматтык текшерүүдөн өтөт.
ID-номерлерди түзүү тартиби
Ырасталган ККМ-чектери Лотереянын автоматташтырылган системасы тарабынан эсепке алынат.
Ырасталган ККМ-чектердин жалпы суммасынын негизинде катышуучуга жеке идентификациялык номерлер (ID-номерлер) ыйгарылат, алар катышуучунун ойнотууга катышуу укугун электрондук түрдө ырастайт.
ID-номерлердин саны төмөнкү эсеп боюнча аныкталат:
- 1 000 (бир миң) сом = 1 (бир) ID-номер.
Сумма 1 000 сомго эселенбеген учурда ID-номер ыйгарылбайт.
Мисал: Лотереянын автоматташтырылган системасы тарабынан катышуучунун ККМ-чектеринин 26 520 сом өлчөмүндөгү суммасы ырасталганда, ага 26 ID-номер ыйгарылат, калган 520 сом ID-номерге айландырылбайт.Ыйгарылган ID-номерлер Лотереянын маалыматтык системасында катталат жана башка адамга өткөрүп берүүгө жатпайт.
Бул чектөө мүмкүн болушунча көп катышуучуларга утуш алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында белгиленет.
Утуштуу ID-номерлер автоматташтырылган кокус тандоо системасы аркылуу аныкталат.
Кокус тандоо системасы тарабынан жеңүүчү аныкталгандан кийин тиешелүү утуштуу ID-номер автоматтык түрдө жокко чыгарылат жана кийинки ойнотууларга катышпайт.
Ойнотуунун жеңүүчүлөрү деп таанылган катышуучулардын бардык ID-номерлери автоматтык түрдө жокко чыгарылат жана кийинки ойнотууларга катышпайт.
Эгер кокус тандоо системасы мурда жеңүүчү деп таанылган катышуучунун ID-номерлерин аныктаса, мындай ID-номер тандоодон чыгарылат жана андан кийин кайрадан кокус тандоо жүргүзүлөт.
Лотереянын ойнотууларынын биринде жеңүүчү деп таанылган катышуучу Лотереяны өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде кийинки ойнотууларга катышуу укугунан ажырайт.
Бул чектөө мүмкүн болушунча көп катышуучулардын утуш алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында белгиленет.
Биринчи ойнотууда жеңүүчү деп таанылбаган катышуучулар экинчи ойнотууга катышуу укугун сактап калат, алардын ID-номерлери сакталат жана ушул шарттарда белгиленген тартипте экинчи ойнотууга катышат.
Ойнотууну өткөрүү мөөнөттөрү жана тартиби
Байге фондун ойнотуу 2026-жылдын 21-декабрында жана 2027-жылдын 1-июлунда өткөрүлөт.
| Ойнотуу датасы | ID-номерлерди ойнотуунун тартиби |
| 21.12.2026 г. |
1. Биринчи ойнотууга 2026-жылдын 1-сентябры саат 00:00:01ден 20-декабрындагы саат 23:59:59гө чейинки аралыкта ыйгарылган бардык ID-номерлер катышат. 2. Биринчи ойнотууда 298 байге ойнотулат, анын ичинде: - Авто унаа – 1 даана; - 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө 6 акчалай сертификат; - 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө 11 акчалай сертификат; - 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө 90 акчалай сертификат; - 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө 190 акчалай сертификат. |
| 01.07.2027 г. |
1. Экинчи ойнотууга 2027-жылдын 1-январы саат 00:00:01ден 30-июнундагы саат 23:59:59гө чейинки аралыкта ыйгарылган бардык ID-номерлер, ошондой эле биринчи ойнотууда жеңүүчү деп таанылбаган ID-номерлер катышат. 2. Экинчи ойнотууда 23 байге ойнотулат, анын ичинде: - 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө 3 акчалай сертификат; - 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө 10 акчалай сертификат; - 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө 10 акчалай сертификат. |
| БАРДЫГЫ | 321 утуштуу байге, анын ичинде 1 супер байге жана 320 акчалай сертификат |
Ойнотууну өткөрүү тартиби
Ойнотуу Уюштуруучу белгилеген жерде, датада жана убакытта ачык өткөрүлөт.
Ойнотуу ведомстволор аралык байкоочу комиссиянын катышуусунда өткөрүлөт.
Утуштуу ID-номерлер эркин (жалпыга ачык) жеткиликтүү болгон жана Уюштуруучунун же Оператордун иштеп чыгуусу (өзүнүн программалык продуктусу) болуп саналбаган автоматташтырылган кокус тандоо системасы (кокус сандар генератору) аркылуу аныкталат.
Кокус тандоо жол-жобосу утуштуу ID-номерлерди алдын ала аныктоо мүмкүн болбогудай жүргүзүлөт. Уюштуруучунун же Оператордун көрсөтүлгөн системанын иштөө алгоритмине кандайдыр бир жол менен таасир этүүгө, натыйжаларды алдын ала белгилөөгө, өзгөртүүгө же кокус сандарды генерациялоонун жыйынтыгына башкача таасир көрсөтүүгө техникалык же башка мүмкүнчүлүгү болбойт.
Бул процесс лотереяга катышуунун бирдей шарттарын жана катышуучулардын утушка ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүнүн теңдигин камсыз кылат.
Бардык ойнотуулар видеожазуу аркылуу катталат.
Ойнотууну көрсөтүүдө утуштуу ID-номерлерди аныктоо жол-жобосунун көрсөтүлүшү камсыз кылынат.
Утуштарды алуу тартиби
Акчалай утуш жеңүүчүгө Уюштуруучу жана ушул шарттар белгилеген тартипте төлөнөт.
Супербайге жеңүүчүгө 5-тиркемеге ылайык кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча берилет.
Утушту алуу үчүн жеңүүчү инсандыгын ырастоочу документти көрсөтүүгө милдеттүү.
Жеңүүчүнүн өкүлү тиешелүү ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде утушту ала алат.
Эгер жеңүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам болсо, утушту алуу анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Утуш утуштуу ID-номер жана зарыл документтер көрсөтүлгөн учурдан тартып он күндөн кечиктирилбестен берилет.
Утушту алуу укугу ойнотуунун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде сакталат.
Бул Мыйзамдын 15-беренесине ылайык келет: утуштуу билетти көрсөтүү мөөнөтү үч айдан кем болбоого тийиш, ал эми төлөө/берүү утуштуу билет көрсөтүлгөн учурдан тартып он күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
Эгер жеңүүчү белгиленген мөөнөттө утушту алуу үчүн кайрылбаса, утуш талап кылынбаган деп таанылат.
Утушту алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин байге фондунун талап кылынбаган бөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Уюштуруучунун менчиги деп таанылат.
Акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө жарандарды контролдук-кассалык чектерди талап кылууга кызыктырууга багытталган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлүүчү кызыктыруучу лотереяга катышуудан алынган утуштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше салыгы менен салык салынбайт.
Форс-мажор
Уюштуруучу жана Оператор ушул шарттар боюнча милдеттенмелерди толук же жарым-жартылай аткарбагандыгы үчүн, эгер мындай аткарбоо алдын ала көрүү же акылга сыярлык чаралар менен болтурбоо мүмкүн болбогон жеңилгис күч жагдайларынан улам келип чыкса, жоопкерчиликтен бошотулат.
Мындай жагдайларга табигый кырсыктар, өрттөр, согуш аракеттери, массалык башаламандыктар, өзгөчө кырдаалдар, эпидемиялар, Лотереяны өткөрүүгө тоскоол болгон мамлекеттик органдардын чечимдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилгис күч жагдайлары деп таанылган башка жагдайлар кирет.